Марал Радиосу

Жаманкулов: Даараткана маселеси чечилип жатат

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Марал» радиосуна берген маегинде жолдордо, эс алуу жайларында даараткана маселеси акырындык менен чечилип жатканын билдирди.

«Даараткана салуу боюнча Боомдун ичиндеги май куючу жайлардын, кафелердин ээлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Натыйжада бир топ жерде шарты жакшы дааратканалар пайда болду. Мындан сырткары, ар бир райондо жол боюна сервистик борборлорду куруу үчүн сынак жарыяланган», — дейт Жаманкулов.