Марал Радиосу

Бишкекте сабалган чет элдик жаран каза болду

Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунун жанында сабалган Нигериянын жараны каза болуп калды. Бул тууралуу ырчы Самат Дөлөтбаков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматтарга караганда, Нигериянын жараны Бишкектеги англис тилин окуткан Cambridge School тил үйрөнүү мекемесинин директору болгон.

2-июлда 1985-жылы туулган Нигерия жараны Улуттук госпиталга оор абалда түшкөндүгү кабарланган. Ошондон бери комадан чыга элек болчу. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында чет элдик жаранды сабоого шектүү катары 1997-жылы туулган Ысык-Көл облусунун тургуну К. Э. аттуу жигит кармалган.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шектүүнү таап чара көрүүнү, ал эми жабыркаган чет элдик жаранга тийиштүү медициналык жардам көрсөтүүнү тапшырган.