Марал Радиосу

Жээнбеков АКШнын президентин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков АКШнын эгемендүүлүк күнү менен Дональд Трампты куттуктады. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков өз куттуктоосунда кыргыз элинин жана өзүнүн атынан Америка Кошмо Штаттарынын улуттук майрамы — эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелер көп тараптуу кызматташууну мындан да тыгыз өнүктүрүүгө жакшы негиз болуп саналат деген ишенимин билдирди.

«Өз тарабымдан Кыргызстан АКШ менен болгон кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү үчүн мындан ары да бардык күч-аракетин жумшайт деп ишендирип кетким келет. Учурдан пайдаланып, Сизге чың ден соолук жана ийгилик, ал эми Америка элине — тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм«, — деди Сооронбай Жээнбеков куттуктоо телеграммасында.