Биз менен байланышыңыз

Гонконг: Митингге байланыштуу 12 адам кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июл 2019 | 489 | 0

Гонконгдо 1-июлдагы нааразычылык акциясына байланыштуу 12 адам кармалды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, «күч колдонуу аракети» менен айыпталып, 11 эркек жана 1 аял кармалган.

3-июлда Кытайдын Британиядагы элчиси Лю Сяомин «Суверенитетти сактап, Кытайдын ички ишине аралашпоого» чакырган. Мындай сөз Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Жереми Ханттын Гонконгду берүү туралуу кытай-британ келишимин сактабаса, Бээжин менен олуттуу көйгөйгө кабылары тууралуу билдирүүдөн кийин келип чыккан.

1-июлда нааразычылык акциясына чыккан демонстранттар Гонконгдогу парламент имаратын басып алышкан. Экисине караган түнү коргоо органынын кызматкерлери парламенттин имаратынан акциянын катышуучуларын көздөн жаш агызуучу газ колдонушуп, сыртка сүрүп чыгарышкан.

Copyright © 2017 Maral FM