«Чыда, эртеңки күнүм жакшы болуп калар», «Бүгүн болбосо, эртең жакшы күн келет», «Убакыттын өтүшү менен жашоом оңолот», «Сабыр кылып турайын, буйруганы болот да». Мына ушундай ойлор мээме сиңип, өзгөрүлгүс болуп түбөлүккө отурукташып алгандай. Негедир белгисиздикти күтө берем. Мендеги көйгөйдү, кайгы-муңду белгисиз бирөө келип чечип, жашоомду оңдоп бере турчудай күтөм. Өзүмдүн маселемди өзүм чечкенди кой, баш оорутуп ойлонгум да келбейт. Ким бирөөдөн келчү белгисиз жардамды күтүү менен мына быйыл жашоомдун 27 жылы өттү.
Эхх … Жашоосу белгисиздикти күтүү менен өткөн өлкөдө жалгыз мен болсом кана? Өлкөмдүн өзү белгисиздикти күтүү менен жашап жаткандай.
Баарыбыз белгисиздикти күтүп, өлкөдөгү көйгөйлөрдү бирөө келип чечип берүүсүнө ишенип жашайбыз. Баарыбыз башаламан системабызды оңдоп, бир жолго салып берүүчү белгисиз лидерди күтөбүз. Күтө беребиз, дагы да күтөбүз…
Бүтүндөй өлкө эркин жоготуп алгандай, өз алдынча эркин ойлонгон, дүйнөлүк эркин көз карашын билдирген, келечекти көрө билген эч ким жок. Илгери чоң энем кичине эле бошой калса чогулуп алып, ар нерседен бир нерсени айтып шарактап, ар кимди ушактап отуруп алган келиндерин, «Айтмайынча жасабаган айдамасыңар! Өзүңөр билип кыла берсеңер болбойбу?» — деп урушуп калар эле. Көрсө ыраматылык чоң энем бекеринен ачууланып, бекеринен күйбөптүр. Ушак айтып, болбогон кепке убакыт коротуп отура берүү менен иш бүтпөйт тура.
Бирөө айтып, түртүп, сайып турбаса, баарыбыздын мээбизди «үчүнчү күч» күтүү режимине салып, программалап койгондой. «Же азыркы муун табиятыбыздан түртмө болуп жаралып калганбызбы?» — деген да ой келбей койбойт.
Өзүбүз билип, абалга жараша маселени ортого салып талкуулап, көптү көргөн аксакалдардан, акыретти эстеткен аалымдардан кеңеш сурап, терең ойлонуп, өзүбүз жараткан маселени өзүбүз чече албайбыз. Келечекти ойлоп, келечекке күйүү — биз үчүн жат көрүнүш. Көрөгөч, акылы тунук, келечек үчүн күйүп-жанган адамды көрүү биздин кыялыбыз болуп бараткандай.
Эмнеге өз алдыбызча чечкиндүү кадамдарга бара албайбыз? Кээде гана болуп жаткан окуяларга нааразычылыгыбызды билдирип, анда-санда митингге чыга койгонубуз болбосо, көпчүлүк учурда «алма быш, оозума түш» кыял менен өмүр сүрүп келебиз.
Жакшы жашоого бир да кадам таштабай жатып, жакшы жашоону кыялдануу качанга чейин уланат? Дагы канча күтөбүз?
Кепилдиги жок белгисиз жакшылыктын келишин күтүп жашоо — өзүбүздү өлтүргөнгө барабар эмеспи? Мындай белгисиздик өзүбүзгө сезилбегени менен чындыгында бизди туңгуюкка сүйрөп бараткандай. Бүтүндөй бир өлкөнүн эмес, бир эле адамдын жашоодогу өзүнүн миссиясын аткара албай, бир өмүр турмуштан өзүн таба албай, күндөрүн уйку-соонун ортосунда өткөргөнү — кандай гана өкүнүчтүү!
Биз күтүүнү, биз үчүн башка бирөөлөрдүн чечим кабыл алышын качан үйрөндүк эле? «Ата-бабабыз чечкиндүү, тайманбас, кашык каны калганча өз элинин келечеги үчүн күрөшкөн», — деп тааныбадык беле? Ким биз үчүн чечим чыгарып, ким биз үчүн күйдү эле? Же орус бийлигинин таасири астында жашап, алар биз үчүн чечим чыгарып, айдама кылып салдыбы?
Бөлүнгөнүбүзгө 30 жылдан ашса да, өз алдыбызча боло албай, «тажаал кайнененин» каарынан коркуп бөжөңдөп жашап жаткандайбыз.
Орусия «өз кайнене» болуп ички маселебизге кийлигишсе, Америка «чоң кайненедей» сырттан кырдаалды көзөмөлдөп турат. Ал эми Кытай «кайнежебизге» айланды.
«Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы» деп бекер айтылбаган чыгар. Жок болуп кетпей, эптеп чыдап, жашообуздун дагы 20 жылын күтүү менен өткөрсөк, көз карандысыздыгыбыздын элүүнчү жылында өз маселебизди өзүбүз чечип, өзүбүз менен өзүбүз болуп калаттырбыз. Чындап эле биз күткөн жакшы жашоо, өзгөчө лидер келеттир. Менин күткөнүм эле эч өзгөрбөгөндөн көрө, кеч болсо да өзгөрсөк…