Марал Радиосу

Айыл чарба техникалары лизингге берилет

Айылдык дыйкан-фермерлерди айыл чарба техникасы менен камсыз кылууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү, агроөнөр жай комплексинин машина-трактордук паркынын техникалык потенциалын жогорулатуу жана модернизациялоо максатында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин демилгеси менен Өкмөттүн ушул жылдын 10-апрелдеги № 86-б буйругу кабыл алынып, 102,5 млн. сом бөлүнүп берилди. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Буйрукка ылайык, айылдык товар өндүрүүчүлөр «Айыл Банк» ачык акционердик коому аркылуу  эгин оруучу, тоют топтоочу, жүгөрү оруучу комбайндар, кызылча, төө буурчак жыйноочу, чөп чабуучу, пахта жыйноочу машиналар жана кубаттуу тракторлор бир канча шарттар менен лизингге берилет.

Негизги шарттары катары төмөнкүлөр белгиленет:
— лизингдин мөөнөтү — 10 жыл;
— жылдык төлөм өлчөмү — 6 пайыз;
— алгачкы салымынын өлчөмү акчалай эсептегенде лизинг техниканын наркынан 10 пайыздан кем эмес болушу керек.