Марал Радиосу

Президент Баткенге барды

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Баткен облусуна барды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн бир күндүк иш сапары менен Баткен облусуна барды. Иш сапардын алкагында Президент Баткен районунун жана Баткен шаарынын эли менен жолугушуп, социалдык-экономикалык тармактын объектилерине барат.