Президенттик Аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев 2016-жылы БЛС курулуш компаниясынын ишин кароо учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы бир нече жолу жолугушууну талап кылып, экинчи инстанциядагы соттук ишти чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөнүн билдирди. Мындай маалымат «Ала-Тоо-24» каналынын 2-июлдагы иликтөөсүндө айтылат.
— Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аялына каршы көрсөтмө берем. 2016-жылы БЛС курулуш компаниясынын ишин кароо учурунда ал бир нече жолу жолугушууну талап кылып, экинчи инстанциядагы соттук ишти чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. Ал смс да жазган. Аларды атайын тизмени алып аныктоого болот. Ошондой эле, ал судья Жаркеевага тийишпөөнү суранган.
Иликтөөдө баяндалгандай, Манас Арабаев мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаева мыйзамсыз чечим чыгарган судьяларды да калкалап келгенин айткан. Демек, бул Арабаевдин соттордун ишине кийлигишип жүргөнүн мойнуна алгандагысы деп сыпаттагандар да бар. Укук коргоочу Рита Карасартова: «Манас Арабаевдин айткандарынан бир гана Раиса Атамбаева айткан үчүн эмес, башка иштерде да Президенттик Аппараттын кийлигишүүсү болуп келгендигин түшүнүүгө болот», — дейт. Бирок бул система азыр да иштеп жатканын айтат.
— Манас Арабаевдин сөзүн угуп көрсөм, ал: «Раиса Атамбаева мага чалып алып, тиги судьяга тийбегин деди» деп жатат. Мындан Президенттик Аппарат жетекчилерди кызматтан алууга, соттун чечимин чыгарууга кийлигишип жүргөнүн түшүнсөк болот. Эгерде ал кийлигишпесе, анда эмне үчүн Раиса Атамбаева ага чалып айтмак эле? Маселесин соттор кеңешине чалып, же кайрылып чечмек да. Демек, бул жерде сотторго Президенттик Аппараттан түздөн-түз кийлигишүү болгонун дагы бир жолу тастыктады.
Президенттик Аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн аткара турган иши мыйзамда так аныкталганы менен өлкөдө мыйзамга каршы келген көрүнүш үстөмдүк кылып келген. Укук коргоочулардын айтымында, соттор аппаратка баш ийип, акыйкат чечим чыгаруудан тайсалдаган көп эле учурлар болгон. Анткени, соттор өздөрү коркоктук кылып, аларды өзүнүн кызыкчылыгы үчүн колдонууга мүмкүнчүлүк берип келишкен. Бул туурасында Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова айтат. Анын пикиринде, сөзсүз түрдө жогорку жактан кийлигишүү болуп келген. Айрыкча, саясий кызыкчылык болгон. «Сотторго аппараттан кат түрүндө кайрылуу келгени сигнал катары эсептелет», — дейт Сооронкулова.
— Кийлигишүү дайыма эле болуп келген. Айрыкча, саясатка байланышкан иштерде сөзсүз түрдө көрсөтмө күтүп отурушат, өз алдынча чечим чыгаруудан коркушат. Мисалы, Арабаевдин атынан келген «Бул ишти мыйзамдын алкагында чечкиле» деген каттар бар эмес беле. Ошондой каттар келет да. Бул — соттор үчүн сигнал. «Бул иште өз алдыңарча чечим чыгарбагыла, көзөмөлдө турасыңар» деген эскертүү.
Деген менен эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов тергөө азыркы тапта да адилеттүү болбой жатканын белгилейт. «Манас Арабаевден бир гана Атамбаевдерге байланыштуу эмес, башка иштер, маселен, Текебаевдин иши боюнча да сураса, канчалык кийлигишкенин айтмак. Демек, тергөө азырынча өзүнүн кызыкчылыгы үчүн гана болуп жатат», — деп, буларга токтолду:
— Азыр тергөө органдары Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө алды да. Бирок ошол эле тергөө органдары Текебаевдин кантип камалганын, кимдин тиешеси болгонун, ким тапшырма бергенин, сотторго чалып, кандай тапшырма бергенин сураса, Арабаев анын баарын айтып бермек. Бирок тергөө органдары андай суроо бербей жатышат. Ошондуктан, азыр адилеттүүлүк толук болбой жатат. Өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн гана болуп жатат. Ал эми Текебаевдин эркиндикке чыгышы алардын кызыкчылыгы эмес, алар үчүн Текебаевдин түрмөдө болгону жакшыраак.
Кошумчалай кетсек, Манас Арабаев 2018-жылы жетекчинин ишениминен кетти деген жүйө менен Президенттик Аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматынан кеткен. Ушул жылдын 3-июнунда «коррупция» беренеси боюнча камакка алынган.