Марал Радиосу

Атамбаевдин тарапташтары митингге чогулуп жатышат

Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Бишкекти көздөй жолго чыгышты. Алар «Кыргызстан менин өлкөм», «Кыргызстан сенин өлкөң», «Башаламандыкка жол жок» деген ураанды айтышып, элди кошулууга чакырык таштоодо.

Учурда тарапташтары Медиа Форумдун алдына чогулуп жатат.

Эске салсак, бүгүн Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары тарабынан Медиа Форумдун алдында «Соке болбой калды» аталышындагы митинг өтмөкчү. Митинге Алмазбек Атамбаевдин да катышары күтүлүүдө.