Марал Радиосу

Кылычбек Султан УКМКга суракка чакырылды

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси жана «Супер-инфо» гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султан Улуттук коопсуздук комитетине буга чейин козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары суракка чакырылды. Бул тууралуу  Улуттук коопсуздук кызматынын расмий өкүлү Рахат Сулайманов «Маралга» билдирди.

Белгилей кетсек, 2-июлда Кылычбек Султан Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө барган болчу.