Марал Радиосу

Ливия: Авиасоккудан 40 киши каза болду

Ливиянын борбору Триполинин качкындар лагерине абадан чабуул жасалып, 40тан ашык адам каза болуп, 80ге жакын адам жаракат алды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, бомбалардын бири 120 качкын жайгашкан ангарга түшкөн. Качкындардын көпчүлүгү Африкадан келип, андан ары Европага бет алууну көздөгөн мигранттар болгон.

Дүйшөмбү күнү Халиф Хафтар башкарган Ливиянын улуттук армиясы деп аталган топ Триполини басып алуу максаты орундалбай калгандыктан, абадан сокку урарын жарыялаган.

2011-жылы Муаммар Каддафинин бийлиги кулатылгандан кийин Ливияда кош бийлик орногон.

Триполи үчүн салгылашта апрель айынан бери эле 500дөн ашык адам ажал таап, 75 миңдей адам үй-жайын таштай качкан.

Exit mobile version