Марал Радиосу

Бүгүн Кыргызстандын Кубогунун чейрек финалдык оюндары өтөт

Бүгүн футбол боюнча Кыргыз Республикасынын Кубогунун чейрек финалдык беттештери өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол федерациясынын маалымат кызматы кабарлады.

Ош шаарындагы Акматбек Сүйүмбаев стадионунда Оштун «Алай» клубу Кочкор-Ата шаарчасынын «Нефтичи» командасын кабыл алат.

Беттешти Эрлан Нарбаев башында турган калыстар тобу тейлейт. Оюн саат 17:00дө башталат.

Өлкө кубогунун чейрек финалдык баскычында бүгүн «Алга» — «Абдыш-Ата», «Дордой» – «Кара-Балта» жана «Академия-Лидер» – «Академия» командаларынын беттештери болмокчу.

Эрежеге ылайык, чейрек финалдык баскычтар бир гана беттештен турат. Утулган команда мелдештен четтеп, жеңген команда кийинки баскычка өтөт.