Марал Радиосу

Ишенгүл Болжурова ТИМдин Коомдук Кеңешинин төрайымдыгына шайланды

Мурдагы Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова Тышкы иштер министрлигинин Коомдук Кеңешине төрайым болуп шайланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык департаменти билдирди.

Кечээ, 2-июлда Тышкы иштер министрлигинин Коомдук Кеңешине жетекчи шайлоо боюнча өткөн жыйында Коомдук Кеңештин төрайымдыгына Ишенгүл Болжурова жана жооптуу катчылыгына Уран Ахметов бир добуштан шайланды.