Марал Радиосу

16 жылдан бери издөөдө жүргөн Азиядагы террордук уюмдун башчысы кармалды

Индонезиянын коргоо агенттиктери тарабынан 16 жылдан бери издөөдө жүргөн Азиядагы «Жамагат Исламия» террордук тобунун башчысы кармалды. Бул тууралуу The Straits Times басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, 2003-жылдан бери изделип келген Пара Вижаянто Жакарта аймагынан кармалган. Анын үйүнөн видеотасмалар, диний адабияттар жана курал-жарактар табылган.

Виджаянто 2002-жылы Бали курорттук аралындагы 202 адамдын өмүрүн алган террордук чабуулга тиешеси бар деп шектелип келет. Атайын кызматтын маалыматына караганда, ал 2008-жылы Малайзия, Таиланд жана Филиппин аралдарындагы террордук топту башкарып турган.