Биз менен байланышыңыз

«Кандай президент шайласак, ошолор бизди башкарып жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Июл 2019 | 770 | 0

Президент начар чыкса, ага добуш берген шайлоочуларда да күнөө бар. Кандай президент шайласак, бизди ошолор башкарып жатат. Мындай пикирин саясатчы Ишенбай Кадырбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, президенттер жазылган системаны бузуп жатса, ага Конституция күнөөлүү эмес. Азыркы Башмыйзамда президенттин укуктары чектелген. Мындан улам, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартууга мүмкүнчүлүк болуп жатат.

Ал эми шайлоочулар куру убадаларга ишенип калууда. Бирок эл татыктуу талапкерлерди шайлоону билет.

«Алсак, бийлик мага каршы иш козгоп, эл менен жолугушууга мүмкүнчүлүк бербей турган кезде, Нарындын, Ат-Башынын эли унчукпай туруп добуш берип, мени депутат кылышкан. Ошондо Майрам Акаева штабды өзү башкарып, акчасын, көмүрүн берип турганда да, эл каалаган депутаттарын шайлашкан», — дейт Кадырбеков.

Copyright © 2017 Maral FM