Биз менен байланышыңыз

Кадырбеков: Саясий кырдаал курч эмес, кооптонуунун кажети жок

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Июл 2019 | 641 | 0

Учурда саясий кырдаал курч эмес, кооптонуунун кажети жок. Мындай пикирин саясатчы Ишенбай Кадырбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы түшүнбөстүк «оорусуна» эл капа да болуп, ирээнжип да турат. Бирок, канчалык катуу болсо да, эл аны бат эле унутат.

Атамбаевдин маселеси укуктук чекте чечилбей, саясий чечим кабыл алынса, кырдаал курчушу мүмкүн.

«Атамбаев өзү түзгөн системанын кылтагына илинип калды. Соттордун курамын өзү түзгөнүнө карабай, алардын адилеттүү чечим чыгарарына көзү жетпей, элди чогултуп жатат. Адилеттүү чечимге көзү жетсе, укуктук талаа менен кетмек. Өзү тандаган сотторго көзү жетпей жатат. Түрмөгө баргысы келбей жатат», — дейт Кадырбеков.

Анын баамында, бийлик өтө оор жүк. Аны кылдаттык менен колдонуу зарыл. Жээнбековдун колундагы чоң күч кылдаттык менен колдонушу керек. Өлкө башчы ошол эле учурда айкөл болушу зарыл. Атамбаев күчкө салып шайлоо процессине кийлигишип, бардык ресурстарын колдонуп Жээнбековго шарт түзүп берген.

Copyright © 2017 Maral FM