Марал Радиосу

Караколдун 150 жылдыгына карата 1,5 тонна ашлянфу даярдалды (сүрөт)

Бүгүн, 1-июлда Караколдун 150 жылдыгына карата 1,5 тонна ашлянфу даярдалып, шаар тургундарына жана конокторуна бекер таратылды.

Ашлянфу фестивалы борбордук Чыңгыз Айтматматов аянтында өтүүдө.

Мындан сырткары, Караколдун 150 жылдыгына карата этнофестиваль да орун алат. Ага ырчылар Гүлнур Сатылганова, Нурлан Насип, Ильяз Андаш, бийчи Атай Өмүрзаков өңдүү бир катар таланттар конок катары чакырылган.

Маданий иш-чара Ысык-Көл обулусунун администрациясы жана Каракол шаардык мэриясы тарабынан каржыланат.