Марал Радиосу

Өзбекстан: Гүлнара Каримова психологдун жардамына муктаж

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова менен колонияда чогуу болгон аял журналисттерге Каримованын аябай өзгөрүп кеткенин айтты.

«Ал бир тигүүчү менен чогуу иштейт. Жанында кооптуу аялдар бар. Ал түрмө тамагын такыр жебейт, жалаң гана таттуулар менен тамактанат. Түрмө жашоосу психикасына катуу таасир этүүдө. Менимче, ал түрмөдөн чыккандан кийин да психологдун жардамына муктаж болот»,- дейт ал.

Эске салсак, буга чейин Каримованын жактоочусу медициналык жардамга муктаж экендигин, керектүү жардам көрсөтүлбөй жатканын айткан. Ал эми Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин билдирген.

Гүлнара Каримованын абалы начар, адвокаты кайра Ташкентке келет