Марал Радиосу

Акышев: Ички каттамдарды аткарууга 2 компания арыз тапшырды

Өлкөдө ички каттамдарды аткаруу боюнча 2 компания арыз тапшырды. Алар иштей баштаса, учак билеттеринин баасы арзандашы күтүлөт. Бул тууралуу Авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ички каттамдарды ишке ашырган «Авиатрафик», «Эйр Манас» авикомпаниялары замандын талабына жооп берген учактарга ээ.

Ички каттамдарды аткарган авиакомпаниялардын күйүүчү майына 12 % кошумча нарк салыгы бар. Ал салыкты жоюу жана Кыргызстанга кирген учакка, анын тетиктерине карата бажы алымдарын төмөндөтүү боюнча өкмөткө сунуш киргизилген.

«Долбоор колдоо тапса, авикомпанияларга чоң жардам болот. Жогорку Кеңештин демилгеси менен «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясын көтөрүү боюнча мыйзам долбоору киригизилди. Мамлекеттик авиакомпанияны сактап калуу аракети жасалууда», — дейт Акышев.