Марал Радиосу

Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди

Бүгүн эртең менен тажик-кыргыз чек арасында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Улуттук Сейсмология институту кабарлагандай, силкинүүнүн очогу Тажикстанда орун алган.

Зилзала Кыргызстандын Кара-Тейит айылынан 29 чакырым, Карамык айылынан 30 чакырым алыскы аралыкта болгон.

Карамык, Кара-Тейит жана Шибээ калктуу жерлеринде силкинүүнүн күчү 3 баллга жеткен.

Кыйроолор, адам өлүмү катталган эмес.