Марал Радиосу

Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери менен жолугушту 

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын бүгүн, 30-июнда Корея жарым аралын эки бөлүккө бөлгөн аскердик демаркация чегинде биринчи жолу кол алышып учурашты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Жолугушуу түндүк менен түштүктү бөлүп турган күзөт зонасындагы Пханмунджом сүйлөшүүлөр пунктунда өттү.

Трамп менен бирге аталган аймакка Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин да келди.