Биз менен байланышыңыз

Чодуев багбандар биримдигине башка ассоциациялар менен да иштешүүнү сунуштады

Кыска кабар | 30 Июн 2019 | 761 | 0

«Борбор Азия багбандар биримдиги» уюмуна башка ассоциациялар менен квартал сайын жолугуп, ой бөлүшүп, биргеликте иш алып барууну сунуштайм. Мындай пикирин Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн багбанчылык иштери менен таанышуу учурунда билдирди.

Борбор Азия багбандар биримдиги уюмунун жетекчиси Абдулла Ташиевич Кыргызстанда мөмө-жемиш багын өстүрүү дыйкандар үчүн кирешелүү жумуш экенин айтып, Кыргызстанга сырттан паспортсуз кирген көчөттөр аркылуу ар кандай илдеттер, зыянкеч курт-кумурскалар кирип жаткандыгын билдирди. Ошондой эле, мөмө-жемиш бактарын өстүрүүчү питомниктерди көбөйтүп, жандандырууга көмөк көрсөтүп, көйгөйлүү маселелерди чечип берүүнү сунуштады.

Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев өз сөзүндө министрлик тарабынан жалпы эле өсүмдүк зыянкечтерине каршы чара көрүлүп жатканын малымдады. Мындан тышкары, багбанчылыкты өркүндөтүү максатында ЕАЭБге жана Кытайга мөмө-жемиштерди экспорттоо боюнча жакшы иштер болуп жатканын кошумчалады.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM