Биз менен байланышыңыз

Алмаз Шаадаев: Кыргызстанда эң көп көрүлгөн видео менин клибим болот деп ойлогон эмесмин

Youtubeда Кыргызстан боюнча эң көп көрүлгөн видео ырчы Алмаз Шаадаевдин «Эми мага баары бир» аттуу клиби. Ал видео 18 миллион жолу көрүлүп, учурда көп көрүлгөн клиптердин да баш сабында турат. Бул тууралуу Алмаз Шаадаев «Желе шоу» программасына конок болуп, чыгарманын тарыхын айтып берди. Ыр Гүлжигит Сатыбековго таандык экенин, анын уруксаты менен ырдап чыкканын айтты. Бирок ырчы ошол учурда клип мынчалык көп көрүлөт деп ойлогон эмес.

— Бул ырды ырдап калышыма Эдил Маматов байкем себепчи болгон десем жанылышпайм. Концертиме кайсыл ырды ырдасам деп баш катып турган учурда Эдил байке Гулжигит Сатыбековдон уруксат алып берген. Ошондо чыгарманы абдан шашылыш аткарып калгам. Концерттен соң дагы иштеп чыгып, анан элге чыгарайын деген ой болгон. Бирок коомчулукка дароо эле тарап кеткендиктен, клипти ырдын ар бир сөзүнө токтолуп, сценарий жазып тартканбыз.  Чындыгында 18 миллион жолу көрүлөт деп эч күткөн эмесмин.

Ырчы азыркы учурда кеңири жайылган хайп деген түшүнүктөн алыс экенин айтып, бирок жакшы эмгектин арты менен хайп өзүнөн өзү пайда болот деп эсептейт.

-Бирок, өзүмө жаккан жагымдуу эки хайп бар: Аскар Акаевдин тоюнда ырдаганым жана журналист кыз менен болгон хайп. Чындыгында, журналист кыз менен болгон хайп эле эмес, кыздын өзү дагы мага жагат.

Алмаз Шаадаев бул жылды гастроль менен баштаганын айтып, Таласта 40 күн, Алай аймагында 20 күндүк сапар менен болгонун белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM