Марал Радиосу

Орусияда Кыргызстандан бараткан 19 тонна контрафакттык кийим-кечек кармалды

Орусиянын Челябинск бажысынын мобилдик тобу 19 тонна контрафакттык кийимдерди колго түшүрдү.

Орусиянын Федералдык Бажы кызматынын аталган облустагы башкармалыгы билдиргендей, аткезчилик товар Кыргызстандан ташылып бараткан.

Маалыматка ылайык жүк ташыган унаа Кыргызстандын Чүй облусунун Ленин районуна чыгып, Орусиянын «Троицк» көзөмөл-өткөрмө бекетинде кармалган.

Анда «Gucci», «Calvin Klein», «Adidas», «Reebok», «Nike», «Puma» сыяктуу атактуу бренддеги спорт кийимдери, бут кийим, футболкалар, чолок шымдар жалпысынан 8 миңдей контрафакттык кийимдер болгон.

Товар сатуу үчүн Орусиянын Пермь шаарына жөнөтүлгөнү айтылат. Учурда товарлар камакка алынып, Троицк шаарынын полициясына өткөрүлүп берилген.

Тиешелүү аракеттер жүргүзүлүп жатканы кабарланат.