Марал Радиосу

Конгодо Эбола вирусунан кайтыш болгондордун саны 1550гө жетти

Конго Демократиялык Республикасында Эбола жугуштуу илдетинин айынан былтыркы жылдын июль айынан бери 1553 киши каза болгон. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

«2019-жыл 28-июндагы эсеп боюнча: жалпы 2297 илдетти жугузгандар, 1553 каза болгон жана 641 илдеттен айыккандар катталган»,- деп жазылат маалыматта.

Дарыгерлердин айтымына караганда, илдетке чалдыккан балдардын үчтөн экиси, чоң адамдардын 50 %ы каза болууда.

Эске салсак, Эбола эпидемиясы Батыш Африкада 4 жыл мурун жайылып баштаган. Ошондой эле, Гвинея, Сьерра-Леоне жана Либерия өлкөлөрүн каптаган. Ал эми Конго Республикасына эпидемия былтыркы жылдын июль айынын соңунда башталган.