Марал Радиосу

Ысык-Көлгө эс алууга келген Өзбекстандын жараны чөгүп кетти

Бостери айылындагы «Кыргызское взморье» эс алуу жайында 69 жаштагы турист сууга чөгүп кеткенин облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 28-июнда болжол менен саат 14:27де болгон.

Сууга чөккөн аял Өзбекстандын жараны болуп, ал эс алуу үчүн Ысык-Көлгө келген. Маркумдун сөөгү моргго жеткирилип, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынды.