Марал Радиосу

Түркмөнстан табигый газдан бензин өндүрүп, Гиннестин китебине кирди

Бүгүн, 28-июнда Түркмөнстандын Ашхабад облусунда бензин өндүрүүчү завод ачылды. Ачылыш күнүндө ишкана Гиннестин рекорддор китебинин «Дүйнөдөгү жаратылыш газынан бензин өндүргөн биринчи завод» деген сертификат алганын «Хроника Туркменистан» басылмасы жазды.

План боюнча ишкана жыл сайын 600 миң тонна А-92 үлгүсүндөгү бензинди Euro-5 стандарты менен өндүрөт. Долбоордун жалпы суммасы 1,7 млрд долларга бааланып жатат.

Буга чейин Түркмөнстан бир тилкедеги эң узун велосипед парады үчүн Гиннестин рекорддор китебинин сертификатын алган болчу.