Марал Радиосу

Салкын Сарногоева Маалымат департаментинин директору болду

 Салкын Сарногоева Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директорлугуна дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, бул кызматты 2014-жылдан бери аркалап келе жаткан Бактыгүл Норузбаева өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Салкын Сарногоева буга чейин аталган мекеменин директорунун орун басары кызматында иштеген.