Марал Радиосу

11 жаштагы шахматчы Нуриддин Азия чемпиону!

Кыргызстандык жаш шахматчы Нуриддин Юнусов Азия чемпиону болду. Бул тууралуу Шахмат Федерациясы билдирди.

Нуриддин Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн мелдеште 11 жаштагылар арасында жеңүүчү болгон.

19-июнда башталган шахмат боюнча Азия биринчилиги 29-июнда жыйынтыкталат. Аталган мелдешке Кыргызстандын атынан башкы машыктыруучу Бактыгүл Тиленбаева башында турган 13 спортчу барган.