Бүгүн Ысык-Көлдөгү Эл аралык «Тамчы» аэропортуна Ош шаарынан келген алгачкы авиакаттамдын учагы конду. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди.
Алгачкы каттамды жергиликтүү жетекчилик салтанат менен тосуп алды.
«Тез Жет» авиакомпаниясынын RG-85 учагы Ош – Тамчы багыты боюнча 88 жүргүнчүнү алып келди. Ал эми Тамчы — Ош багыты боюнча 50 жүргүнчү учуп кетти.
Бул каттам туруктуу жүргүзүлүп, аптасына 4 жолу: дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү келип-кетип турат.