Марал Радиосу

Наркозаттарды көзөмөлдөө боюнча статистикалык жыйнак чыкты

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы наркозаттарга каршы жүргүзүлгөн иштердин абалы тууралуу отчет берип жатат. Иш-чара ушу тапта Бишкектеги Европа мейманканасында өтүп жатканын Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

2009-2017-жылдарда наркозаттарды көзөмөлдөө боюнча статистикалык жыйнак чыгарылган. Иш-чаранын алкагында аталган жыйнактын бет ачары да өтөрү белгиленген.