Марал Радиосу

Парламент Тилек Абдрашитовду Судьяларды тандоо кеӊешинин мүчөлүгүнө бекитти

Жогорку Кеӊештин атайын токтому менен Тилек Абдрашитов Судьяларды тандоо кеӊешинин мүчөлүгүнө бекиди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Тилек Абдрашитов 1966-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Ал Аскер сотунда судья, төраганын орун басары, Чүй облустук сотунун судьясы болуп иштеген. Сот тармагындагы жалпысынан 18 жыл эмгектенген.