Марал Радиосу

Меркелди кайрадан калтырак басты (видео)

Германия канцлери Ангела Меркель өзүн кайра жаман сезген абалга туш болду. Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушуу учурунда денесин калтырак баскан. Бул тууралуу эл аралык басылмалар билдирүүдө.

Жакында эле Украина президенти Владимир Зеленский менен болгон жолугушуусунда да Меркелдин абалы начарлап, денесин калтырак баскан. Ал учурду канцлер ысык аба ырайы жана сууну аз ичкендиги менен түшүндүргөн.