Марал Радиосу

Ошто май куюучу жайларды бузуп кетүү башталды

Оштогу май куюучу жайларды бузуп кетүү башталды. Ал ээлеринин өз эрки менен жүрүп жатканын Ош шаарынын мэринин маалымат катчысы билдирди.

Эске салсак, кечээ 26-июнда Ош шаарынын мэри Таалайбек  Сарыбашов май куюучу жайлардын ээлери менен жолугуп, мындан ары май куюучу бекеттерди курууга уруксат берүү токтотулганын, мурда курулуп иштеп жаткан жайларды бузуу маселеси соттун чечиминен кийин анык болорун айттан.