Жогорку Кеңеш 27-июнда Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу боюнча чечим кабыл алды. Анда 103 депутат макулдугун берип, 6 депутат каршы добуш берди.
Эми Алмазбек Атамбаев мыйзам чегинде берилген кепилдиктеринен ажырап, ага кылмыш ишин козгоого жана суракка чакырууга жол берилет.
Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу боюнча 13-июнда депутаттык комиссия түзүлгөн. 20-июнда комиссиянын корутундусу угулуп, Жогорку Кеңеш кабыл алган токтом Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Депутаттык комиссия Атамбаевге 6 айып таккан болсо, прокуратура анын бешөөсүн кароого негиз бар деп бүтүм чыгарган.
Башкы прокурор: Азиз Батукаевди бошотууга экс-президент Алмазбек Атамбаев кийлигишкен
Атамбаев: Бардык иштерди кыргыз эли үчүн жасагам
Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө: Оо Кудай! Элимди балээлерден куткар! [видео]
Депутаттарды канчалык тааныйсыз? («Республика-Ата Журт» фракциясы)
Тактоо үчүн
27.06.2019 13:30
Өз аброюңарды чоң тобокелчиликке салып койдуңар го, депутаттар токтом кабыл ала электе «макамы алынды» деп. Силер жаңылыкты жарыя кылгандан кийин 5 минут өткөн соң депутаттар кабыл алышты токтомду, тактап жазыңыздар да маалыматты.