Биз менен байланышыңыз

Оштогу 22 май куюучу жайдын иши сотко өттү

Кыска кабар | 26 Июн 2019 | 458 | 0

Ош шаарындагы 44 май куюучу жайдын 40ына текшерүү жүргүзүү үчүн жолдомо алынган. Жыйынтыгында 22 май куюучу жайдын иш кагаздары сотко өттү. 12 жайдын иши шаардык прокуратурага берилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов май куюучу жайлардын ээлери менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Жолугушууга Ош шаарынын прокурору Кубат Абдраимов, шаардык милициянын башчысы Мурат Боронов, экотехинспекция, архитектура жана башка тиешелүү кызматтардын башчылары да катышты.

Мэр Ош шаарынын ичинде мындан ары май куюучу бекеттерди курууга уруксат берүү токтотулганын, мурда курулуп иштеп жаткан жайларды бузуу маселеси соттун чечиминен кийин анык болорун айтты.

«Ченемди сактабаган май коюучу жайлардын иши сотко өттү. 4-июлдан тарта соттук отурумдар башталат. Соттун чечимине жараша чара көрөбүз. Май коюучу жайлардын ээлери, биринчи элдин коопсуздугун ойлойлу. Бир кезде силерге документ даярдап берген кызматкерлер жоопко тартылышы керек. Бул боюнча укук коргоо органдары иш алып барат«, — деди шаар мэри Таалайбек Сарыбашов.

 

Copyright © 2017 Maral FM