Марал Радиосу

Ысык-Көл облусунда туристтик милиция иштеп баштады

Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгында туристтик милиция уюштурулду. Бул тууралуу ОИИБнын маалымат кызматы кабарлады.

Ал башкармалыктын кайгуул-көзөмөл кызматынын алдында түзүлүп, 22 кишиден турат. Негизги максат аймакка келген туристтердин коопсуздугун камсыздоо, обьектилерди күзөт жүргүзүү болуп саналат.

Мындан сырткары, туристтик милиция чет элдик саякатчылар менен иштөө, алардын коопсуздугу, мыйзамдар боюнча кеңештерди берүү иштерин жасамакчы.

Учурда туристтик милиция кызматкерлери Караккол шаарында туристтерге кызмат көрсөтүү боюнча милдеттерин өтөп жатышат.

Июль айында туристтер көп келген мезгилде алар Ысык-Көл районуна жиберилет.