Марал Радиосу

Депутаттык комиссия «Кт-Мобайл» боюнча чечимин чыгарды

«Кт-Мобайл» жана «Альфа-Телеком» уюлдук компанияларынын ортосундагы чарбалык чатакты иликтеген Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссиясы чечим чыгарды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Анда бир катар мамлекеттик органдардын башчыларынын жоопкерчилигин кароо жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы делген Иманкадыр Рысалиевдин мамлекеттик орган жетекчисин коркутуу фактыларына укуктук баа берүү сунушталган.

 

Exit mobile version