Биз менен байланышыңыз

Ирсалиев: Жаран Социалдык фондго каражат төлөөгө милдеттүү

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Июн 2019 | 516 | 0

Жарандар Социалдык фондго каражат төлөөгө милдеттүү. Эгер жаран фондго каражат төлөөдөн баш тартса, административдик  жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу Социалдык фондунун төрагасы Медер Ирсалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, камсыздандыруу төгүмүн төлөбөгөн жаран пенсия курагына келгенде Социалдык фонддон пенсия албайт. Мындай жарандар Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен жөлөк пул алат.

Ирсалиев буга кошумча, өлкөдө пенсиялык камсыздандыруу жаатында жеке мекемелер өнүгө электигин белгиледи.

 

Copyright © 2017 Maral FM