Марал Радиосу

Маданият тармагында эмгектенген мамлекеттик кызматкерлер сыйланды

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Борбордук Аппаратынын бир катар кызматкерлери Мамлекеттик кадр кызматынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги» жана Ардак грамоталары менен сыйланышты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ушул жылы республика боюнча 76 кызматкер «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги» жана 57 адам «Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги» төш белгилери менен сыйланган.