Марал Радиосу

Токаев бир күндүк айлык акысын Арыстагы жабырлануучуларга которду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бир күндүк айлык акысын Арыс шаарында ок-дары сакталган кампадагы жарылуудан жабыр тарткандарга которгондугун Zakon.kz. сайты жазды.

«Арыс шаарындагы өзгөчө кырдаалдар абалы казакстандыктардын баарын бириктирди. Эч ким сыртта калган жок. Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев бир күндүк айлык акысын жабыркагандар үчүн түзүлгөн фондго которду. Президенттик Аппараттын кызматкерлери анын демилгесини колдоду», — деди президенттин маалымат катчысы Берик Уали.