Марал Радиосу

Абылгазиев: Өкмөт инвестицияны жакшыртуу боюнча бир кыйла иштерди жасап жатат

2018-жылга карата чет элдик түз инвестициялардын агымы 851,7 млн долларды түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 38,1 %га өскөн. Кирген агым чыккан агымдан 144.2 млн долларга көп болгон. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдөгү инвестициялык ишмердүүлүктүн абалы жана аны өнүктүрүү келечеги жөнүндө кеңешмеде билдирди.

«Өзгөчө белгилей кетсек, оңдуу факт тендециянын сакталышы, тагыраагы, ушул жылдын биринчи кварталында чет элдик түз инвестициялардын агымы 176,7 млн долларды түзгөн. Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 48,9 %га көп. Ошону менен бирге чыккан агым 31,3 % кыскарган», — деди өкмөт башчы.

Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга инвестициялык долбоорлорду сапаттуу түзүүнү жана ишке ашырууну, келип чыккан көйгөйлөрдү ыкчам чечүүнү тапшырды.