Марал Радиосу

Евразия чөлкөмүндө коопсуздуктун эффективдүү архитектурасы түзүлөт

Ушу тапта Бишкекте Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин террорго каршы «Евразия чөлкөмүндө коопсуздуктун эффективдүү архитектурасын түзүү: терроризм менен экстремизмге жамааттык жооп» аталышындагы III Бишкек форуму башталды. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.

Жыйында учурдагы чакырыктар, коргонуу жана коопсуздук жаатындагы абал тууралуу талкуу жүрөт.