Сентябрда өлкөдөгү экономикалык абалды карап, бюджеттин аткарылышы жетиштүү болбосо, өкмөттү жоопкерчиликке тартуу зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, экономикалык абал орчундуу болуп жатканда саясий чырлар көбөйүп кетиши мүмкүн.
«Коркунучтар бар. Бирок ал президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тиреши эмес. Өкмөт экономикалык милдетин толук аткара албай жатат. Бюджет оор абалда. Аткаруу бийлиги милдетин өз убагында аткара албаса, өкмөттүн ишмердүүлүгүндө тууганчылык, жердешчилик байкалып калса эл нааразы болот», — дейт Масалиев.