Марал Радиосу

Президент: Ишкердикти өнүктүрүү жыйынына Улуттук Банк катышкан жок. Эмнеге?

Президент Сооронбай Жээнбеков Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйынына Улуттук Банктын башчысы чакырылбай калганын сынга алды.

Бүгүн өлкө башчысы Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы комитеттин жыйынында Улуттук Банктын төрагасы эмне себептен чакырылбай калган деп суроо салды.

Улуттук банк ишкердикти өнүктүрүүдө маанилүү тарап болгондуктан аталган жыйынга келиши зарыл экенин өлкө башчысы белгиледи.

Президент ошондой эле мындай жыйындарды аймактык деңээлдерде да өткөрүү зарыл экенине токтолду.

Жыйынтыгында катышуучулар комитеттин отурумун 4 айда бир жолу өткөрүп туруу чечимине келишти.