Марал Радиосу

Си Цзиньпин «Чоң 20» саммитине катышуу үчүн Японияга барат

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 27-29-июнда Япониянын Осака шаарына «Чоң-20» саммитине катышуу үчүн бара турганын Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Лу Кан билдиргенин эл аралык сайттар жазды.

«Япониянын премьер-министри  Синдзо Абэнин чакыруусу менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 27-29-июнь күндөрү Япониянын Осака шаарына  «Чоң-20″ саммитине катышуу үчүн барат», — деп айтылат дипломаттын билдирүүсүндө.

«Чоң 20» саммитинде Си Цзиньпиндин АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуусу күтүлүп жатканы буга чейин айтылган болчу.