Марал Радиосу

Багдад: Мечиттеги жардыруудан 10 адам каза болду

Ирак Республикасынын борбору Багдад шаарындагы мечитте жардыруу катталды. Бул тууралуу BaghdadToday басылмасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Багдад шаарындагы имам Махди мечитинде жардыруу болуп, анын айынан 10 адам жан берип, 30 адам жаракат алган.

Жарылуу террорчу мечиттин кире беришине келгенде катталган.

Учурда коопсуздук кызматкерлери окуя болгон жерде тийиштүү иштерди жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн жума күнүнө карата мечитте адам көп болгон.