Марал Радиосу

Араванда сууга чөккөндөрдү издөө уланат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруу кызматы бүгүн Араван районунда сууга чөккөн эки адамды издөөнү улантат.

ӨКМдин маалымат кызматы кабарлагандай, кечээ Ош облусунун  Араван районуна караштуу Кайрагач-Арык айылындагы Түштүк Фергана каналына 2 адам чөгүп кеткен.

Жеринде издөө ишин жүргүзүү үчүн ӨКМден жалпы 22 куткаруучу, 20 милиция кызматкери тартылган. Бирок табылган жок. Издөө иштери бүгүн да улантылат.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ саат 13:50 чамасында болгон. Каналга 1 эркек адам менен 1 аял түшүп кеткен.