Марал Радиосу

9-классты аяктаган 96 миң окуучуга аттестаттар тапшырылып жатат

Бүгүн Кыргызстандын бардык мектептеринде 9-классты бүткөн окуучуларга жалпы билим берүү боюнча аттестаттар тапшырылып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Быйылкы окуу жылында өлкөдө 96 миң окуучу 9-классты аяктап жатат.

Мындан сырткары, бардык мектептерде бүтүрүү салтанаттарын өткөрүү боюнча ата-энелер менен чогулуш, мугалимдер кеңешмеси, окуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тренингдер сыяктуу алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.

Ал эми милиция окуучулардын бүтүрүү салтанаттары күндөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө киришти.