Биз менен байланышыңыз

«Эл өкүлдөрүнүн кайра шайлоого катышууга моралдык укугу жок»

Коноктор , Кыска кабар | 21 Июн 2019 | 100 | 0

Парламентти таркутууга эч кандай мыйзамдуу негиз жок. Бирок Жогорку Кеңеш өзүн-өзү люстрация кылып, узурпацияга шарт түзгөнүн мойнуна алып, кийинки парламенттик шайлоого барбашы керек. Мындай пикирин Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу үчүн сунушталган айыптар боюнча парламентке жоопкерчилик жүктөөгө юридикалык негиз жок. Бирок ЖЭБ маселеси боюнча кылмыштын белгилери болушу мүмкүн. Аны укук коргоо органдары иликтеши керек.

Ал ЖК Конституцияны мыйзамсыз жол менен өзгөртүүгө жана узурпацияга жол бергенин белгиледи.

«Кылмыш жоопкерчилигинен сырткары, саясий, конституциялык жоопкерчилик да бар. Биз ошол нерсеге жете албай жатабыз. Азыр парламентте саясий, конституциялык жоопкерчилик турат. Демек, бул депутаттардын кайра шайлоого катышууга укугу жок. Аларда моралдык жоопкерчилик болушу керек. Депутаттарга саясий жоопкерчиликти сездирүү үчүн добуш бербешибиз зарыл. КСДП фракциясы толугу менен шайлоого катышарын айтты. «Кайсы бетиңер менен?» — деп айта турган шайлоочу жок», — дейт Сооронкулова.

 

Copyright © 2017 Maral FM